«Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» 3-8-класстын окуучулары үчүн Республикалык математика боюнча олимпиада жөнүндө жобо
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1 Бул жобо республикалык математикалык олимпиаданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин, анын уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыздалышын, катышуучулардын катышуу тартибин жана ийгиликтүү баяндама жасоо тартибин аныктайт.
1.2. Олимпиада жаш курагы боюнча үч топ менен, 3-4-класстын, 5-6-класстын жана 7-8-класстын окуучулары арасында өткөрүлөт.
1.3. Олимпиада – кыргыз жана орус тилдеринде ѳтѳт.
1.4. Олимпиаданын башкы максаты – жаӊы билимдерди алууга болгон кызыгууну күчөтүү, алгачкы окутуу тепкичтеринде таланттуу окуучуларды табуу жана шыктандыруу, аларга татыктуу билим алуунун келечегин көрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүү.
1.5. Олимпиаданын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– Математика жаатында өз билимдерин өркүндөтүүгө аракет кылуучу таланттуу окуучуларды табуу;
– Илимий-техникалык чыгармачылыкка болгон бийик шыктанууну калыптандыруу;
– Чыгармачыл жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү;
1.6. Олимпиаданын мазмуну практикалык багытта өндүрүштүк-техникалык
тапшырмалар аркылуу аныкталат.
– Окуучуларга түшүнүктөр менен математикалык мыйзамдардын тыгыз байланышы ачылып берилет. Бул математиканы тереӊ өздөштүрүүсүн шарттайт.
– Окуучуларга математиканы өндүрүштө колдонуунун мүмкүн болуучу ыкмалары, т.а. математика сунуштаган маанилүү өндүрүштүк маселелерди чечүү үчүн каражаттар көрсөтүлөт.
– Олимпиаданын тапшырмалары чыгармачыл мүнөздө болот. Окуучуларга математика менен физиканы (техниканы) интеграциялоонун ролунун маанисин түшүнүүсүн калыптандыруу, о.э бул тармактарды (предметтерди) тереӊ өздөштүрүүгө болгон шыктануусун жогорулатууга арналган.
1.7. Олимпиаданын алкагында интеллектуалдык оюндар, өнүктүрүүчү сабактар, маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт.
II. ОЛИМПИАДАНЫН УЮШТУРУУЧУЛУК-МЕТОДИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДАЛЫШЫ
Олимпиаданын уюштуруу комитети болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги жана «Алтын түйүн» балдардын Улуттук инженердик-техникалык академиясы эсептелет.
Олимпиаданы уюштуруучулук-методикалык жактан камсыздоо үчүн, Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын базасында уюштуруу комитети түзүлөт.
2.1. Олимпиаданын уюштуруу комитети төмөнкү милдеттерди аткарат:
– Олимпиаданын формасын жана анын өткөрүү убактысын аныктайт;
– Олимпиаданы түздөн-түз өткөрүүнү камсыз кылат;
– Олимпиаданы өткөрүүнүн регламентин (олимпиаданын бардык этаптарын өткөрүүнүн күндөрү боюнча сунуштарын киргизет), олимпиаданын тандоо этабынын жеӊүүчүлөрү жана байге ээлеринин санынан өздөрү келип катышуучу этаптардагы катышуучулардын саны жана курамы боюнча аныктайт;
– Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабын жана калыстар тобу түзөт;
– Олимпиаданын уюштурулушу жана өткөрүлүшүн массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу үчүн материалдарды даярдайт;
– Академиянын сайтында жана «Кут билим» гезитинде олимпиада жөнүндө материалдарды жарыялайт;
– Ушул жобого ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
2.2. Калыстар тобунун курамына илимий кызматкерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын окутуучулары, математикага шыктуу окуучулар менен иштеген алдыӊкы адистер киргизилет.
2.3. Олимпиаданын уюштуруу комитети жана калыстар тобу төмөнкү милдеттерди аткарат:
– Олимпиаданын тандоо жана андан аркы этаптарынын тапшырмаларын иштеп чыгат;
– Катышуучуларга тапшырмаларды баалоонун критерийлери менен методикасын иштеп чыгат;
– Олимпиаданын катышуучуларынын жазуу иштерин текшерет жана алардын жыйынтыктарын баалайт;
– Катышуучулардын оозеки жооп берүүлөрүнүн жыйынтыктарын баалайт;
– Олимпиаданын тийиштүү этабынын жеӊүүчүлөрү менен байге ээлерин аныктайт;
– Олимпиаданын жыйынтыктары жөнүндө аналитикалык отчетторду даярдайт;
2.4 Уюштуруу комитетинин, калыстардын, методикалык жана апелляциялык комиссиянын курамы олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасы тарабынан бекитилет.
III. ОЛИМПИАДАНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ
Олимпиадага республиканын бардык типтеги жана менчик формасына карабай жалпы билим берүү мектептеринин 3-8-класстарынын окуучулары катыша алат. Олимпиаданын кийинки этаптарына олимпиаданын буга чейин өткөн этаптарында бекитилген критерийлерге ылайык туура келген баллдардын керектүү (босого) упайларды топтогон катышуучуларга гана жол берилет.
IV. ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ
4.1. Олимпиада үч этапта өткөрүлөт: биринчи – тандоо (дистанциондук) этабы, экинчиси – аймактык (дистанциондук) жана үчүнчү – өзү келип катышуусу жыйынтыктоочу республикалык.
4.2. Ар бир этаптын ишин текшерүү жана баалоо Олимпиаданын уюштуруу комитети тарабынан бекитилген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
4.3. Дистанциондук этапты өткөрүүнүн графиги менен тартиби уюштуруу комитети тарабынан бекитилип, «Алтын түйүн» УБИТАнын https://ndita.kg жана республикалык математика боюнча олимпиаданын https://rmo.ndita.kg сайттарында жана «Кут билим» гезитине жайгаштырылат.
4.4. Олимпиаданын тандоочу дистанциондук туру компьютердик тестирлөө (онлайн режиминде) формасында өткөрүлөт. Олимпиаданын катышуучуларына 15-25 суроодон турган тест сунуш кылынат. Суроолордун тематикасы математикалык билимдердин ар кайсы тармактарын камтыйт. Тест 1 саатта аткарылат.
4.5. Олимпиадага катышуу үчүн Республикалык математикалык «Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» олимпиаданын сайтында, уюштуруу комитети көрсөткөн убакта https://rmo.ndita.kg дареги боюнча катышуучулар каттоодон өтүшү керек.
4.6.Олимпиаданын катышуучусу каттоо учурунда ушул жобонун тиркемесине ылайык анкеталык бланкта кѳрсѳтулгон маалыматтарды толтурат. Алынган анкеталык маалыматтар: жеке муноздогу маалымат жонундо мыйзамга ылайык купуялуулугу сакталат. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери олимпиаданын катышуучусунун жеке коду болуп саналат.
4.7. Тандоо турунун жыйынтыктары, иштерди автоматтык түрдө текшерүү жол-жобосунан кийин сайтта билдирилет.
4.8. Олимпиаданын бул туруна катышууга талап кылынган (босого) баллды топтогон тандоо турунун катышуучуларына жол берилет.
4.9. Экинчи этапка өткөн катышуучулардын саны жана олимпиадага аймактык турду өткөрүү тууралуу маалымат (өткөрүүнүн убактысы жана орду, катышуучулардын саны, табыштаманын формасы, аны берүүнүн мөөнөтү) УБИТА «Алтын түйүндүн» https://ndita.kg сайтына жана https://rmo.ndita.kg сайттарына жана «Кут билим» гезитине жарыяланат. Ошондой эле ар бир экинчи этапка өткөн катышуучулардын номуруна СМС билдируу келет.
4.10. Экинчи этапка өткөн катышуучулар компьютердин жардамында тести белгилейт (онлайн). Олимпиаданын катышуучуларына 15-25 суроодон турган тест сунуш кылынат. Тести 1 саатта аткаруу керек.
4.11. Тестин жыйынтыктарынын жол-жобосу, автоматтык түрдө текшерүү аяктагандан кийин сайтта билдирилет.
4.12. Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы экинчи турдан өткөн жогорку балл алган 150 гана окуучу бетбе-бет катышуу режимине жолдомо алышат.
4.13. Жыйынтыктоочу этап өзү келип катыша турган формада эки номинацияда өткөрүлөт:
4.14. «Жекече биринчилик» боюнча катышуучуларга 5 тапшырманы аткаруу сунушталат. Тапшырмалардын тизмесине милдеттүү түрдө техникалык мазмундагы (багыттагы) тапшырма киргизилет. Экинчи этаптын тапшырмаларын аткарууга 2 астрономиялык саат берилет (120 мүнөт).
Жазуу иштерин баалоо критерийлери:
– Тапшырмаларды аткаруунун тууралыгы
– Тапшырмаларды аткарууда ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгы
– Аткаруунун оригиналдуулугу
– Иштин таризделиниши
4.15. Тайпалык таймаш эки этапта өтөт. Тайпалардын санына жараша орто аралык тур – жарым финал каралат
4.16. Командалык мелдешти уюштуруунун формасы болуп «Математикалык салгылаш» болуп саналат. Матсалгылаш өзүнө математиканы, техниканы, спорт оюндарын, театралдык аракетти камтыйт; математикалык ой жүгүртүүнү калыптандырат, ошондой эле олимпиадалардан айырмаланып, азыркы илимдеги милдеттерди жамаат менен чече билүүнү жана өнүктүрүүнү шарттайт. Ал илимий кызматкерлердин ири жамааты менен глобалдык милдет чечилген учурда болот. Бул этапта практикалык жана техникалык багыттагыларды эске алуу менен, олимпиадалык жана изилдөөчүлүк мүнөздөгү тапшырмалар сунушталат.
4.17. Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын катышуучу командасы 3 жаш курактагы балдардан турат (3-4, 5-6, 7-8-класстардагы 3 адамдан), бардыгы болуп аймактык турдун финалисттеринен түзүлгөн 9 катышуучудан турат.
4.18. Калыстар тобу жооптун тууралыгын, толуктугун, командада иштей билүүсүн, сунушталган тапшырманы коргоо жана оппоненттей билүүсүнө жараша баа берет. Бардык командалар чыгып катышкандан кийин калыстар тобу сыйлоо тууралуу өз чечимин чыгарат.
Y. ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЧЫГАРУУ
5.1. Көбүрөөк рейтингге ээ болгон Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын катышуучулары, олимпиадада сунушталган тапшырмалардын жарымынан көбүн аткарган шартта олимпиаданын жыйынтыктоочу этаптын жеӊүүчүлөрү болуп саналат.
5.2. Жеӊүүчүлөр аныкталбаган учурда, Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабында байге ээлери гана аныкталат.
5.3 Олимпиаданын катышуучулары катышуучунун күбөлүгү, сертификаттары, грамоталары, эстеликке тапшырылуучу белектер менен сыйланат.
5.4. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана кызыктыруучу орундардын саны катышуучулардын көрсөткөн жыйынтыктарын эсепке алуу менен калыстар тобу тарабынан аныкталат. Байге ээлери – жеӊүүчүлөр «Алтын түйүн» УБИТАнын дипломдору менен сыйланат.
5.5. Биринчи,экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген катышуучулар, 1,2 жана 3-даражадагы дипломдорду жана катышуучунун жашаган жеринде математиканы тереӊдетип үйрөтүү класстарына окуусу үчүн сунуштама алышат.
5.6. Олимпиаданын уюштуруучулары жеӊүүчүлөрү менен жыйынтыктоочу этаптын байге ээлерине Уюштуруучулар тарабынан уюштурулуучу математикалык жактан шык-жөндөмгө ээ окуучуларга өткөрүлүүчү иш-чараларга (таймаштарга, жайкы мектептерге ж.б.у.с.) катышуу боюнча жеӊилдиктерди белгилейт.
VI. ОЛИМПИАДАНЫ КАРЖЫЛОО
6.1. РМО финансылык жана материалдык ресурстарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– «Алтын түйүн» УБИТАнын бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттары;
– ата-энелердин каражаттары (мыйзамдуу өкүлдөрдүн);
– башка жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу акча каражаттарын берүүлөрү, демөөрчүлөрдүн каражаттары;
– менчик ээси тарабынан берилген мүлк (орган тарабынан ага ыйгарым берилген);
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар.
6.2. Олимпиаданын үч этабын каржылоо (тапшырмаларды түзүү, аткаргандарды текшерүү, жоопторду рецензиялоо, басма сөздө ж.б. тапшырмаларды басып чыгаруу жана көбөйтүү) «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан ишке ашырылат.
6.3. Олимпиада катышуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр) өз алдынча почта чыгымдарын, ошондой эле олимпиадага өздөрү келип катыша турган этабына катышуусу менен байланышкан транспорттук чыгымдарды төлөшөт (олимпиаданын көрсөтүлгөн жерине барып катышып келе турган жерлерине).
6.4.Уюштуруучулар жана катышуучулардын жетекчилери балдар барып катыша турган турдагы иш сапар аралыгында балдардын өмүрү жана саламаттыгына жоопкерчилик алышат.
6.5. Калыстар тобун жана уюштуруу комитетин иш сапарга жөнөтүү тийиштүү мекемелер жана билим берүү органдары тарабынан ишке ашырылат.
Олимпиадага мыкты деӊгээлде катышууӊуздарды каалайбыз!