«Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» олимпиадасы – бул, математикалык таймашуунун жаңы форматы. Ал Кыргыз Республикасынын окуучуларына өз билимдерин баалоого эле эмес, так илимдерге, техника менен ойлоп табуучулукка, андан аркы билим алуу траекториясына да кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Он сегоз жыл катары менен олимпиада шыктуу балдарды табуу, аймактардагы балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өздөрүн өстүрүүсүнө шарттарды түзүү, ошондой эле окуучуларга өздөрүнүн математикалык жана интеллектуалдык жөндөмүн колдонуп, келечектеги кесибин тандоосуна көмөк көрсөтүү үчүн өткөрүлүп келет.
Олимпиаданы өткөрүү тарыхы: