УРМАТТУУ 3-8-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ, ПЕДАГОГДОР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР!
2022-2023-окуу жылында республикалык «Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө” математикалык олимпиадасы үч тур менен өтөт.
2023-жылдын 13-январынан 27-январына (кошо алганда) чейин онлайн тестирлөө түрүндө тандоо туру өтөт. 28-31-январда апелляциялар каралат.
Бардык каалоочуларды чакырабыз! Ар бир катышуучуну кубануу менен кабыл алабыз!
СУРАНЫЧ, ТӨМӨНКҮ ТАЛАПТАРГА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР:
- тестирлөөдөн мурун ОЛИМПИАДАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШКЫЛА ("Катышуу эрежелери" өтмөгү);
- ИНТЕРНЕТИҢИЗДИН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШТЕП ЖАТКАНДЫГЫН, ДАЯР ЭКЕНИҢИЗДИ, ЭЧ НЕРСЕ ТОСКООЛ БОЛБОГОНУН ЖАНА "тестирлөөнү баштоо" өтмөгүн басаарда, БИР ЖАРЫМ СААТ БОШ УБАКТЫҢЫЗ БАР ЭКЕНДИГИН ТЕКШЕРИП, тестирлөөгө өтүңүз;
- бул өтмөктө анкетаны толтуруу керек. МААНИЛҮҮСҮ: уюлдук телефондун номерин кашаанын ичинде оператордун кодундагы НӨЛ ЖАЗЫЛБАЙТ, ҮЛГҮДӨГҮДӨЙ ТОЛТУРГУЛА;
- анкетанын астындагы "Каттоо" баскычын баскандан кийин, ТЕСТ ДАРОО БАШТАЛАТ. Аны ДАРОО АТКАРУУНУ БАШТОО КЕРЕК;
- тестти жокко чыгарып, экинчи жолу катталууга БОЛБОЙТ;
- тапшырмаларды аткарууга бир ЖАРЫМ СААТ БЕРИЛЕТ;
- "Тестти аяктоо" баскычын жөнөткөндөн кийин, ТЕСТИҢИЗ ЖАБЫЛАТ. Эгер сиз аны мөөнөтүнөн мурда бассаңыз, анда ЖООП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР ГАНА ЭСЕПТЕЛИНЕТ. ТЕСТТИ КАЙРАДАН БАШТООГО БОЛБОЙТ;
- олимпиаданын биринчи турунун ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ушул эле сайтта "Жыйынтыктар" бөлүмүндө биринчи тур аяктагандан кийин 2023-жылынын 27-январында жайгаштырылат;
- ТЕСТИРЛӨӨНҮН ТИЛИН ТАНДООГО МҮМКҮН, тестирлөө тилин тандап алсаңыз болот (же эгер сиз телефондон кирсеңиз, менюнун ылдый жагында);
- бардык суроолор жана арыздар боюнча ОЛИМПИАДАНЫН ПОЧТАСЫНА ЖАЗГЫЛА olimp@rdita.kg. УБИТА "Алтын түйүн" почтасына жөнөтүлгөн каттар каралбайт.
Сураныч, кылдат мамиле жасаңыздар! Бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууну каалайбыз!