Кыргызстан
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
РМО
РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДА
Алтын Туйун
БАЛДАРДЫН УЛУТТУК
ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫ

Катышуу тартиби

«Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» 3-8-класстын окуучулары үчүн Республикалык математика боюнча олимпиада жөнүндө жобо

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Математика боюнча олимпиада жөнүндөгү бул жобо, Олимпиаданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин, анын уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыздалышын, катышуучулардын катышуу тартибин жана ийгиликтүү баяндама жасоо тартибин аныктайт.

1.2. Олимпиада жаш курактык үч топ боюнча өткөрүлөт - 3-4-класстын, 5-6-класстын жана 7-8-класстын окуучулары арасында.

1.3. Олимпиада өтө турган тилдер – кыргыз жана орус.

1.4. Олимпиаданын башкы максаты – жаӊы билимдерди алууга болгон кызыгууну күчөтүү, алгачкы окутуу тепкичтеринде таланттуу окуучуларды табуу жана шыктандыруу, аларга татыктуу билим алуунун келечегин көрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүү.

1.5. Олимпиаданын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • математика жаатында өз билимдерин өркүндөтүүгө аракет кылуучу таланттуу окуучуларды табуу;
  • илимий-техникалык чыгармачылыкка болгон бийик шыктанууну калыптандыруу;
  • чыгармачыл жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү.

1.6. Олимпиаданын практикалык багыты өндүрүштүк-техникалык мазмундагы тапшырмалар аркылуу аныкталган.

  • Окуучуларга түшүнүктөр менен математикалык мыйзамдардын тыгыз байланышы ачылып берилет. Бул математиканы тереӊ өздөштүрүүсүн шарттайт.
  • Окуучуларга математиканы өндүрүштө колдонуунун мүмкүн болуучу ыкмалары, т.а. математика сунуштаган маанилүү өндүрүштүк маселелерди чечүү үчүн каражаттар көрсөтүлөт.
  • Олимпиаданын тапшырмалары чыгармачыл мүнөздө болот. Алар окуучуларда математика менен физиканы (техниканы) интеграциялоонун ролунун маанисин түшүнүүсүн калыптандыруу, бул тармактарды (предметтерди) тереӊ өздөштүрүүгө болгон шыктануусун жогорулатууга тартылган.

1.7. Олимпиаданын алкагында командалык таймаш жана жеке биринчилик, интеллектуалдык оюндар, өнүктүрүүчү сабактар, маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт.

II. ОЛИМПИАДАНЫН УЮШТУРУУЧУЛУК-МЕТОДИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДАЛЫШЫ

2. Олимпиаданын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлиги, «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы эсептелет.

Олимпиаданы уюштуруучулук-методикалык жактан камсыздоо үчүн Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын базасында уюштуруучулук жана методикалык комитеттер түзүлөт. Алардын ичинен Олимпиаданын Координатору дайындалат, ал аны өткөрүү боюнча кезектеги ишти жетектейт.

2.1. Олимпиаданын уюштуруу комитети төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • олимпиаданын формасын жана анын өткөрүү убактысын аныктайт;
  • олимпиаданы түздөн-түз өткөрүүнү камсыз кылат;
  • олимпиаданы өткөрүүнүн регламентин (олимпиаданын бардык этаптарын өткөрүүнүн күндөрү боюнча сунуштарын киргизет), олимпиаданын тандоо этабынын жеӊүүчүлөрү жана байге ээлеринин санынан өздөрү келип катышуучу этаптардагы катышуучулардын саны жана курамы боюнча аныктайт;
  • олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын калыстар тобун түзөт;
  • олимпиаданын уюштурулушу жана өткөрүлүшүн массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу үчүн материалдарды даярдайт;
  • олимпиада жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизет.

2.1.1. Уюштуруу комитети олимпиаданын калыстар тобун бекитет. Калыстар тобунун курамына илимий кызматкерлер, жождордун окутуучулары, мектеп мугалимдери жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын окутуучулары, математикага шыктуу окуучулар менен иштеген алдыӊкы адистер киргизилет.

2.2. Олимпиаданын методикалык комитети төмөнкү милдеттерди чечет:

  • олимпиаданын тандоо жана андан аркы этаптарынын тапшырмаларын иштеп чыгат;
  • катышуучуларга тапшырмаларды баалоонун критерийлери менен методикасын иштеп чыгат;
  • олимпиаданын дистанциондук жана аймактык этаптарынын катышуучуларынын иштерин текшерүү үчүн калыстар тобун түзөт;
  • олимпиаданын катышуучуларынын жазуу иштерин текшерет жана алардын жыйынтыктарын баалайт;
  • катышуучулардын оозеки жооп берүүлөрүнүн жыйынтыктарын баалайт;
  • олимпиаданын тийиштүү этабынын жеӊүүчүлөрү менен байге ээлерин аныктайт;
  • олимпиаданын жыйынтыктары жөнүндө аналитикалык отчетторду даярдайт;
  • уюштуруу комитетине олимпиаданы өткөрүүнүн уюштурулушун жакшыртууга байланышкан маселелер боюнча сунуштарды берет;
  • уюштуруу комитети менен биргеликте академиянын сайтында жана «Кутбилим» гезитинде олимпиада жөнүндө материалдарды жарыялайт;
  • ушул жобого ылайык башка функцияларды ишке ашырат.

2.3. Уюштуруу комитетинин, калыстардын, методикалык жана апелляциялык комиссиянын курамы Олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасы тарабынан бекитилет.

III. ОЛИМПИАДАНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

Олимпиадага республиканын бардык типтеги жана менчик формасына карабай жалпы билим берүү мектептеринин 3-8-класстарынын окуучулары катыша алат. Олимпиаданын кийинки этаптарына олимпиаданын буга чейин өткөн этаптарында методикалык комитет тарабынан бекитилген критерийлерге ылайык туура келген чечимдеги баллдардын керектүү (босого) баллдарды топтогон катышуучулар жол берилет.

IV. ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

4.1.1. Олимпиада үч этапта өткөрүлөт: биринчи – тандоо (дистанциондук) этабы, экинчиси – өзү келип катышуусу (аймактык) жана үчүнчү – жыйынтыктоочу.

4.1.2. Ар бир этаптын ишин текшерүү жана баалоо Олимпиаданын методикалык комитети тарабынан бекитилген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.

ОЛИМПИАДАНЫН ТАНДООЧУ ДИСТАНЦИОНДУК (СЫРТТАН ӨТКӨРЛҮҮЧҮ) ЭТАБЫ

4.1.3. Дистанциондук этапты өткөрүүнүн графиги менен тартиби уюштуруу комитети тарабынан бекитилип, «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиянын https://rdita.kgжана республикалык математика боюнча олимпиаданын https://rmo.rdita.kg/ сайттарында жана «Кутбилим» гезитине жайгаштырылат.

4.1.4. Олимпиаданын тандоочу дистанциондук туру компьютердик тестирлөө (онлайн режиминде) формасында өткөрүлөт. Олимпиаданын катышуучуларына 25 суроодон турган тест сунуш кылынат. Суроолордун тематикасы математикалык билимдердин ар кайсы тармактарын камтыйт. Тест 1,5 саатта аткарылат.

4.1.5. Олимпиадага катышуу үчүн «Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» республикалык математика боюнча олимпиаданын сайтында, уюштуруу комитети көрсөткөн убакта https://rmo.rdita.kg/ дареги боюнча катышуучулар каттоодон өтүшү керек.

4.1.6. Олимпиаданын катышуучусу каттоо учурунда анкеталык маалыматтарды толтурат, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин көрсөтөт. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери олимпиаданын катышуучусунун жеке коду болуп саналат.

4.1.7. Тандоо турунун жыйынтыктары, иштерди автоматтык түрдө текшерүү жол-жобосунан кийин сайтта билдирилет.

ОЛИМПИАДАНЫН АЙМАКТЫК ЭТАБЫ 

4.2.1. Олимпиаданын бул туруна катышууга талап кылынган (босого) баллды топтогон тандоо турунун катышуучуларына жол берилет.

4.2.2. Экинчи этапка өткөн катышуучулардын саны жана олимпиадага өзү келип катыша турган аймактык турду өткөрүү тууралуу маалымат (өткөрүүнүн убактысы жана орду, катышуучулардын саны, табыштаманын формасы, аны берүүнүн мөөнөтү) «Алтын түйүндүн» https://rdita.kg/ сайтына жана https://rmo.rdita.kg сайттарына жана «Кутбилим» гезитине жарыяланат.

4.2.3. Олимпиаданын аймактык этабы компьютердик тестирлөө формасында Республикалык математика боюнча олимпиадасынын www.rmo.rdita.kg сайтында өтөт. Олимпиаданын катышуучуларына 10 суроодон турган тест сунушталат. Суроолордун тематикасы  математикалык билимдердин ар кыл тармагын камтыйт.  Тестти аткаруу убактысы  - 1 саат.

ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЭТАБЫ

4.3.1. Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабына катышууга ар бир аймакта белгиленген, аймактык этаптын жеӊүүчүлөрү, ошондой эле «Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» олимпиадасынын мурунку жылдагы жеӊүүчүлөрү менен байге ээлери катышууга жол берилет. Бирок алар жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткандыгын уланткан учурда гана.

4.3.2. Жыйынтыктоочу этап өзү келип катыша турган формада эки номинацияда өткөрүлөт: Математика жана техника боюнча жана командалык таймашуу боюнча жекече биринчилик.

4.3.3. «Жекече биринчилик» номинациясында катышуучуларга 5 тапшырма аткаруу сунушталат. Тапшырмалардын тизмесине милдеттүү түрдө техникалык мазмундагы (багыттагы) тапшырма киргизилет. Экинчи этаптын тапшырмаларын аткарууга 2 астрономиялык саат берилет (120 мүнөт).

Жазуу иштерин баалоо критерийлери:

  • тапшырмаларды аткаруунун тууралыгы;
  • тапшырмаларды аткарууда ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгы;
  • аткаруунун оригиналдуулугу;
  • иштин таризделиниши.

4.3.4. Командалык таймаш бир этапта өтөт. Командалардын санына жараша орто аралык тур – жарым финал каралышы мүмкүн. Оюнга аймактардын командалары катышат, алар олимпиаданын аймактык этабынан өтүшү керек.

4.3.5. Командалык мелдешти уюштуруунун формасы болуп «Математикалык салгылаш» болуп саналат. Матсалгылаш өзүнө математиканы, техниканы, спорт оюндарын, театралдык аракетти камтыйт; математикалык ой жүгүртүүнү калыптандырат, ошондой эле олимпиадалардан айырмаланып, азыркы илимдеги милдеттерди жамаат менен чече билүүнү өнүктүрүүнү шарттайт. Ал илимий кызматкерлердин ири жамааты менен глобалдык милдет чечилген учурда болот. Бул этапта практикалык жана техникалык багыттагыларды эске алуу менен, олимпиадалык жана изилдөөчүлүк мүнөздөгү тапшырмалар сунушталат.

4.3.6. Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын катышуучу командасы 3 жаш курактык балдардан турат (3-4, 5-6, 7-8-класстардагы 3 адамдан), бардыгы болуп аймактык турдун финалисттеринен түзүлгөн 9 катышуучудан турат.

4.3.7. Калыстар тобу жооптун тууралыгын, толуктугун, командада иштей билүүсүн, сунушталган тапшырманы коргоо жана оппоненттей билүүсүн баалайт. Бардык командалар чыгып катышкандан кийин калыстар тобу сыйлоо тууралуу өз чечимин чыгарат.

V. ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЧЫГАРУУ

5.1. Көбүрөөк рейтингге ээ болгон Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабынын катышуучулары, олимпиадада сунушталган тапшырмалардын жарымынан көбүн аткарган шартта олимпиаданын жыйынтыктоочу этаптын жеӊүүчүлөрү болуп саналат.

5.2. Жеӊүүчүлөр аныкталбаган учурда, Олимпиаданын жыйынтыктоочу этабында байге ээлери гана аныкталат.

5.3. Олимпиаданын катышуучулары катышуучунун күбөлүгү, сертификаттары, грамоталары, эстеликке тапшырылуучу белектер менен сыйланат.

5.4. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана кызыктыруучу орундардын саны катышуучулардын көрсөткөн жыйынтыктарын эсепке алуу менен калыстар тобу тарабынан аныкталат. Байге ээлери – жеӊүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги менен «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын дипломдору менен сыйланат.

5.5. Экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген катышуучулар, 2 жана 3-даражадагы дипломдорду жана катышуучунун жашаган жеринде математиканы тереӊдетип үйрөтүү класстарынан (гимназияларда, лицейлерде, профилдик мектептерде ж.б.) окуусу үчүн сунуштама алышат.

5.6. Олимпиаданын уюштуруучулары жеӊүүчүлөрү менен жыйынтыктоочу этаптын байге ээлерине Уюштуруучулар тарабынан уюштурулуучу математикалык жактан шык-жөндөмгө ээ окуучуларга өткөрүлүүчү иш-чараларга (таймаштарга, Жайкы мектептерге ж.б.у.с.) катышуу боюнча  жеӊилдиктерди белгилейт.

VI. ОЛИМПИАДАНЫ КАРЖЫЛОО

6.1. РМО финансылык жана материалдык ресурстарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясынын бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттары;
  • ата-энелердин каражаттары (мыйзамдуу өкүлдөрдүн);
  • башка жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу акча каражаттарын берүүлөрү, демөөрчүлөрдүн каражаттары;
  • менчик ээси тарабынан берилген мүлк (орган тарабынан ага ыйгарым берилген);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар.

6.2. Олимпиаданын үч этабын каржылоо (тапшырмаларды түзүү, аткаргандарды текшерүү, жоопторду рецензиялоо, басма сөздө ж.б. тапшырмаларды басып чыгаруу жана көбөйтүү) «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академия тарабынан ишке ашырылат.

6.3. Олимпиада катышуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр) өз алдынча почта чыгымдарын, ошондой эле олимпиадага өздөрү келип катыша турган этабына катышуусу менен байланышкан транспорттук чыгымдарды төлөшөт (олимпиаданын көрсөтүлгөн жерине барып катышып келе турган жерлерине).

6.4. Катышуучулардын жетекчилери балдар барып катыша турган турдагы иш сапар аралыгында балдардын өмүрү жана саламаттыгына жоопкерчилик алышат.

6.5. Билим берүүнүн аймактык башкаруу органдары олимпиаданын аймактык турунун катышуучуларын жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыз кылуу, аларга кызмат көрсөтүү жагына жоопкерчилик алышат.

6.6. Калыстар тобун жана уюштуруу комитетин иш сапарга жөнөтүү тийиштүү мекемелер жана билим берүү органдары тарабынан ишке ашырылат.

Олимпиадага мыкты деӊгээлде катышууӊуздарды каалайбыз!



БАЙЛАНЫШ
Телефондор : + 996 312 315847
                    + 996 312 315874
Email: olimp@rdita.kg

БИЗ СОЦТАРМАКТАРДА
  Facebook
  Instagram


"Алтын Түйүн" БУИТА. RDITA.KG
Бардык укуктар сакталган. 2014-2024