Кыргызстан
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
РМО
РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДА
Алтын Туйун
БАЛДАРДЫН УЛУТТУК
ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫ

Урматтуу «Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө» республикалык математикалык олимпиадасынын финалисттери, педагогдор жана ата-энелер!

2024-жылдын 26-29-майында Ысык-Көлдө Royal Beach мейманканасында (Чок-Тал ай.) үчүнчү - РМОнун республикалык туру өтөөрүн маалымдайбыз.

Бардык катышуучулар олимпиада өтүүчү жерге өз алдынча келишет. Уюштуруучулар РМОнун катышуучуларынын жашаган жери жана тамак-ашы үчүн гана төлөшөт. Ата-энелер жана башка коштоп жүрүүчү адамдар бардык чыгымдарын, анын ичинде жол кире чыгымдарын өздөрү төлөшөт. 26-майда саат 14.00гө чейин – мейманканада катталуу, 14.00 – түшкү тамактануу. Мейманканадан чыгуу 29-майда эртең мененки тамактан кийин.

Олимпиаданын ар бир катышуучусунун жанында туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, директордун колу коюлган окуган жеринен маалымкат (түп нускасы), түстүү фотосүрөт жана маалымкатта сүрөткө чапталган штамп болушу керек.

Урматтоо менен, олимпиаданын уюштуруу комитети

БАЙЛАНЫШ
Телефондор : + 996 312 315847
                    + 996 312 315874
Email: olimp@rdita.kg

БИЗ СОЦТАРМАКТАРДА
  Facebook
  Instagram


"Алтын Түйүн" БУИТА. RDITA.KG
Бардык укуктар сакталган. 2014-2024